ТКТРда Мараш аймагына баргандардын саны 1 миллионго жетти

ТКТР президенти Эрсин Татар Мараштын ачык бөлүгүн зыярат кылгандардын саны 1 миллионго жеткендигин айтты.

1978026
ТКТРда Мараш аймагына баргандардын саны 1 миллионго жетти

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Фамагуса районунда жайгашкан жана 2020-жылдын октябрь айында акырындык менен ачылуу процесси башталган Мараш аймагына келген зыяратчылардын саны 1 миллионго жетти.

ТКТР президенти Эрсин Татар Мараштын ачык бөлүгүн зыярат кылгандардын саны 1 миллионго жеткендигине байланыштуу уюштурулган аземде аймактын ачылган күндөн бери көңүл борборунда экендигин белгилеп, күнүмдүк  2000 адам келген Мараштын Газимагусага маанилүү туристтик жана экономикалык салым кошкондугун айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Мараштын ачылышына маанилүү колдоо көрсөткөнүн эске салган Татар, бул үчүн Эрдоганга жана түрк калкына ыраазычылык билдирди.

Мараштын Фамагуса үчүн чоң мааниге экенин баса белгилеген Татар : "Мындан ары тилегибиз Марашта жаңы аймактарды ачуу.  Мараш социалдык турак-жай долбоору менен күн тартибинде. Ошондуктан аймакка болгон кызыгуу артып жатат. Аймактын өлкөнүн жаркыраган жылдызы болоруна толук ишенебиз" ,- деди.

 



Тектеш кабарлар