Бахрият Саидов Энтони Блинкен менен жолугушту

Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтияр Саидов Ташкентке жолугушууларды өткөрүү  үчүн келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

1953277
Бахрият Саидов  Энтони Блинкен менен жолугушту

Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтияр Саидов Ташкентке жолугушууларды өткөрүү  үчүн барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Саидов  Твиттер баракчасынан берген  билдирүүсүндө, Блинкен менен жолугушууда бизнес чөйрөлөр үчүн жакшы шарттарды түзүү, Өзбекстандын адамдык потенциалын өнүктүрүү, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту чыңдоо жана башка маселелер боюнча аракеттерди бириктирүү тууралуу макулдашкандарын белгиледи.

Саидов өзгөчө АКШ өкмөтүнүн Өзбекстандын президентинин реформалар процессиндеги толук колдоосун жогору баалагандарын жана бул жолугушуунун пайдалуу болоруна ишенимин билдирди.

АКШ өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Саидов Блинкендин өлкөсүнө биринчи жолу келгендигине ыраазычылык билдирип, бул сапардын эки тараптуу карым - катнаштарды дагы да өнүктүрөөрүнө ишенерин айтты.

Өзбекстанда болуудан кубанчытуу экендигин билдирген Блинкен кечээ Казакстандын борбор шаары Астанада эки тараптуу жана С5+1 (Борбор Азия өлкөлөрү жана АКШ) форматында орток маселелер жана максаттар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн эске салды.

Блинкен өзгөчө Өзбекстан менен динамикалуу карым  - катнаштарды, өлкөнүн C5+1деги ролун, барган сайын өнүгүп келе жаткан эки тарптуу кызматташууну жана өзбек башкаруусунун реформа процессин колдошкодорун белгиледи.



Тектеш кабарлар