Бакуда “Түштүк газ коридорунун Консультативдик кеңешинин 9-жыйыны” өттү.
Илхам Алиев : "Бизде жаратылыш газынын 100 жылга өзүбүзгө жана өнөктөштөрүбүзгө жете турган запасы бар», - деди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2027-жылга чейин Европага газ экспортун эки эсеге көбөйтүүнү пландап жаткандарын белгилеп : "Бизде жаратылыш газынын 100 жылга өзүбүзгө жана өнөктөштөрүбүзгө жете турган запасы бар», - деди.
Бакуда “Түштүк газ коридорунун Консультативдик кеңешинин 9-жыйыны” өттү.
Жыйында сөз сүйлөгөн Алиев 2027 - жылга чейин Европага газ экспортун эки эсеге көбөйтүүнү пландагандарын жана бул үчүн ресурстарга ээ экенин белгилеп, өз ара эрк көрсөткөн европалык кесиптештери менен жогорку ишенимде кыймылдагандарын баса белгиледи.
Алие, Азербайжандын жаратылыш газ экспорту боюнча : "Жаратылыш газ экспортубуз көбөйүүдө. 2021-жылы болжол менен 19 миллиард куб метр жаратылыш газ экспорттодук, ал эми өткөн жылы 22,6 миллиард куб метр жаратылыш газын экспорттодук. Бул жаратылыш газ экспортунун 2023-жылы 24,5 миллиард куб метрге жетерин күтүүдөбүз. Биз жана өнөктөштөрүбүз үчүн кеминде 100 жылга жете турган жаратылыш газ запастары бар",- деди.
Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру, Баку-Тбилиси-Эрзурум жаратылыш газ кууру жана түштүк газ коридору сыяктуу ишке ашырган бардык долбоорлорунун ийгиликтүү болгонун белгилеген Алиев : "Жаратылыш газын да, кайра жаралуучу энергияны да Европага өткөрүү боюнча алдыдагы пландарыбыз ийгиликтүү болот деп ишенем. Бул үчүн биз бир команда болуп ишибизди улантып, бири-бирибизди тынымсыз колдоп турушубуз керек",- деди.
Тектеш кабарлар

Илхам Алиев батыштык өлкөлөрдү сынга алды
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын Азербайжанга каршы мамилесин сынга алды.

Азербайжан Карабахтагы армян коомчулугунун өкүлдөрүнө сунуш киргизди
Бул тууралуу Азербайжандын Президенттиги тарабынан жасалган билдирүүдө орун алды.