Азербайжан өз жарандарын эскертти

Азербайжандын Тегеран элчилигине 27-январда болгон куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жаракат алган.

1940132
Азербайжан өз жарандарын эскертти

Азербайжан өз жарандарын Иранга барбоону эскертти.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Азербайжандын Тегеран элчилигине жасалган террордук кол салуу эске салынып, азербайжан жарандарынын Иранга зарылчылык болбосо барбоолору, зыярат кылгандардын болсо өтө этият болушу сунушталды.

Ирандагы азербайжандык жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоо кеңеши айтылган билдирүүдө, жарандардын керектүү учурда Тебриздеги Башкы консулдугуна кайрыла ала тургандары белгиленди.

Азербайжандын Тегеран элчилигине 27-январда болгон куралдуу кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жаракат алган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол салууну террордук акт катары сыпаттаган.

Кол салуудан кийин Азербайжандын Тегерандагы элчилигинин иши токтотулуп, бардык кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү Бакуга кайтып барышкан. 



Тектеш кабарлар