Шентоп Түркмөнстанда

Шентоп жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда Улуттук Кеңештин Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

1907848
Шентоп Түркмөнстанда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы биримдиктин дүйнөлүк ырааттуулукка чоң салым кошо турганын айтты.

Шентоп жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда Улуттук Кеңештин Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өз миссияларын аткаруудан алыс экенине көңүл бурган Шентоп: «Өткөн кылымдын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына чечим табуусу үчүн түзүлгөн эл аралык системанын актерлору жана мекемелери бүгүнкү күндүн талабына туруштук бере албай, көйгөйлөрүнө чечим таба албай жатышат»,-деди.

Аталган абалга Азербайжан, Грузия жана Украинадагы окуяларды мисал көрсөткөн Шентоп: «Бул процесстер БУУда жаңы эл аралык системанын жана жаңы структуранын зарылдыгын ачыкка чыгарууда. Бул чөйрөдө аймактык кызматташтык, эл аралык тилектештик жана кызматташтык көбүрөөк мааниге ээ болууда»,-деп айтты.

Түркия менен Түркмөнстандын биримдигинин дүйнөнүн ырааттуулугуна маанилүү салым кошо турганын түшүндүргөн Шентоп: «Эл аралык коопсуздукту, гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты камсыз кылуу боюнча өз милдеттенмелерин алып, аларды татыктуу аткарууга умтулган өлкөлөрүбүздүн биримдиги ар дайым аймактын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна салым кошот. Тарыхтын агымы өзгөрө баштаган бүгүнкү күндө, кайрадан түзүлө глобалдык системанын  укук, адилеттүүлүк, адамгерчилик жана эркиндик таразалары (өлчөмү) менен бүткүл адамзатка пайда алып келе тургандай түрдө калыптанышы үчүн Түрк мамлекеттери катары бирге кызмат кылышыбыз керек»,-деди.

Түрк дүйнөсүнүн глобалдык геосаясаттын борборуна айланганын баса белгилеген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп, Түркия менен Түркмөнстан парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн да маанилүү экенин айтты.



Тектеш кабарлар