Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Жолугушуу Швейцариянын Женева шаарында өттү.

1887439
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын талкуулоо үчүн жолугушту.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Швейцариянын Женева шаарында өткөнү маалымдалды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 30-сентябрда Армениянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрлдүн 2-октябрда болорун билдирген.

Пашинян жолугушууда Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишиминин долбоору даярдала турганын кабарлаган.

Азербайжан өкмөтү жолугушуунун мазмунуна байланыштуу билдирүү жасаган эмес.



Тектеш кабарлар