Алиев Куралдуу күчтөрдүн командирлиги менен жыйын өткөрдү

Бул тууралуу Азербайжандын Президенттигинен маалымат берилди.

1879459
Алиев Куралдуу күчтөрдүн командирлиги менен жыйын өткөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Куралдуу күчтөрдүн командирлиги менен Армениянын чек арадагы провокациялары боюнча жыйын өткөрдү.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө, тиешелүү отчеттор берилген жыйында эки мамлекеттин чек арасында Армения куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган провокацияларга бөгөт коюлуп, бардык милдеттер жана көрсөтмөлөр аткарылганы белгиленди.

Жыйында чыңалуунун жоопкерчилиги толугу менен Армениянын саясий жетекчилигине тийиштүү экендигине көңүл бурулуп, чек арадагы оперативдүү кырдаал Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экени белгиленди.



Тектеш кабарлар