Армяндар Лачынды өрттөп чыгышууда

Айдын акырында Азербайжандын көзөмөүнө өтө турган  Лачынга мыйзамсыз жайгашкан армяндар тапшыруу күнүнөн мурда шаарга зыян келтирүүнү улантууда.

1869537
Армяндар Лачынды өрттөп чыгышууда

Армяндар айдын акырында Азербайжандын көзөмөлүнө өтө турган Лачындагы үйлөр менен токой аянттарын өрттөп шаардан чыгышууда. 

Айдын акырында Азербайжандын көзөмөүнө өтө турган  Лачынга мыйзамсыз жайгашкан армяндар тапшыруу күнүнөн мурда шаарга зыян келтирүүнү улантууда. 

Аймактагы армяндар имараттарды, токойлорду өрттөшүүдө.

Армян отурукташуучулардын  үйлөрдү өрттөп, айланага зыян келтиргендигин көрсөткөн бир топ видео соцтармактарда ылдам жайылып каршы чыгуулар болду.

Азербайжан, Армения жана Россиянын ортосунда 2020 - жылдын 10 - ноябрында кол коюлган үч тараптуу декларацияга ылайык, Карабахтын Лачинде жана анын айланасындагы кээ бир айылдарда жашаган армяндар август айынын аягында мыйзамсыз отурукташкан аймактан чыгышат жана шаар Азербайжандын көзөмөлүндө болот.

2020 -  жылы 1 -  декабрда оккупациядан бошотулган Лачын жана айланасындагы айылдарда Жакынкы Чыгыштан барган бир нече мигрант да мыйзамсыз жашап жатат. Мигранттар менен аймактагы убактылуу орус бөлүктөрү да шаардан айдын акырына чейин чыгышат. 

Бир тараптан Лачындын айланасындагы жол курулушунун маанилүү бир бөлүгүнүн бүткөрүлүшү менен Азербайжандын шаарды көзөмөлгө алышы үчүн күн саналууда. 

 



Тектеш кабарлар