Алиев Карабах үчүн статус талап кылган Арменияны эскертти

Илхам Алиев борбор шаар Бакуда «Низами Генжеви» атындагы эл аралык борбор тарабынан уюштурулган 9-Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

1844519
Алиев Карабах үчүн статус талап кылган Арменияны эскертти

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн суроону уланта турган болсо, алар дагы ушундай жооп кайтара турганын билдирди.

Илхам Алиев борбор шаар Бакуда «Низами Генжеви» атындагы эл аралык борбор тарабынан уюштурулган 9-Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Армениянын Карабах боюнча койгон талаптарына да токтолгон Алиев Азербайжанда «Тоолуу Карабах» деген административдик бирдик жок экенин эске салып, армян тараптын бул маселеге кандайдыр бир кайрылуусу жаңы жаңжалга алып келерин эскертти.

Алиев Тоолуу Карабахтын статусуна байланыштуу Армениядан кээ бир билдирүүлөрдү уга башташкандарын белгилеп, мунун «Армения үчүн пайдасыз жана кооптуу мамиле» экенин баса белгиледи.

Тоолуу Карабах автономиялуу облусунун 1991-жылы Азербайжан парламентинин чечими менен жоюлганын эске салган Алиев: «Армениянын өкмөтү муну түшүнүп, тарыхты кайра жазуу аракетин токтотушу керек. Эгерде Армения Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнөн шек санай берсе, Азербайжандын башка аргасы калбайт жана Армениянын аймактык бүтүндүгүн сурай баштайт»,-деди.

Армениянын жеринин бүтүндүгүн сураганга тарыхый жантан да укугу бар экенин белгилеген Азербайжан лидери: «Өткөн кылымдын тарыхы Совет өкмөтү Азербайжандын тарыхый аймагы болгон Зенгезурду кесип, 1920-жылы Арменияга бергенин ачык көрсөтүп турат. Ошондуктан Армения Карабахтагы армяндардын статусун талап кылса, эмне үчүн Азербайжан мамлекети Батыш Зенгезурдагы азербайжандар үчүн макам талап кылбашы керек?

Анткени бардык жерде азербайжандар жашачу. Бул маселе туңгуюкка алып келиши мүмкүн. Армения өкмөтү 2-Карабах согушунун (2020) сабактарын унутпашы керек, бул сабактарды жакшылап үйрөнүп, Азербайжанга каршы кандайдыр бир аймактык дооматтардан алыс болушу керек»,-деди.

Ошондой эле Карабах жаңжалын чечүү үчүн түзүлгөн жана АКШ, Орусия жана Франция тең төрагалык кылган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобунун ишмердүүлүгүнө токтолгон Алиев: «Минск тобу 28 жылдан бери эч кандай жыйынтыкка жетишкен жок. Азербайжан Карабах проблемасын чечкендиктен Минск тобунун кереги жок болуп калды. (24-февралда башталган) Орусия-Украина согушунан кийин Минск тобунун теңтөрагаларынын чогулушу үчүн мүмкүн эмес экенин баары түшүнүп жатат. Минск тобу тең төрагалык мекемесинин иштебей турганы жөнүндө кабарларды алдык. Эми аларга пенсияга чыгууга убакыт келди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар