Улуттук учкучсуз учуучу аппарат "Анка" Казакстанда өндүрүлөт

TUSAŞ компаниясы Казакстанда жаңы кызматташтыкка кол койду.

1825173
Улуттук учкучсуз учуучу аппарат "Анка" Казакстанда өндүрүлөт

Казакстанга экспорттолгон улуттук учкучсуз учуучу аппарат "Анка" бул өлкөдө курула турган ишканада биргелешип чыгарылат.

Түрк авиация жана космос өнөр жайы акционердик коому (TUSAŞ) тарабынан жарыяланган билдирүүгө караганда, компания өткөн жылы "Анка" экспорт келишимин түзгөн Казакстанда жаңы кызматташтыкка кол койду.

TUSAŞ менен Казакстан Engineering компаниясынын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму менен "Анка" Казакстанда биргелешип чыгарылат. Тейлөө жана оңдоо процесстерин да камтыган технологияларды өткөрүп берүү темаларында кызматташуу жүргүзүлөт.

Ушундайча Казакстан Анканын Түркиянын тышындагы биринчи өндүрүш базасы болду. Келишимдин негизинде бул тармакта адам ресурстарын даярдоо жана өлкөнүн учкучсуз учуучу аппарат өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында да маанилүү кадам ташталган болду.



Тектеш кабарлар