Хожалы кыргынынын курмандыктары жалпы дүйнөдө эскерилди
613 киши геноцидге учураган кол салуунун 30 - жылында АКШ жана башка өлкөлөрдө эскерүү иш - чаралары өткөрүлдү.
Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы шаарында 1992 - жылы араларында балдар менен аялдар да болгон 613 кишинин армян күчтөрү тарабынан геноцидге учурашынын 30 - жылында АКШнын борбор шаары Вашингтондо эскерүү программасы уюштурулду.
Азербайжандын Вашингтон элчилиги тарабынан Кеннеди борборунда «Чындык жана адилеттик» деген темада иш - чара уюштурулду.
Түркиянын Вашингтон элчиси Хасан Мурат Мержан жана АКШда жашаган азербайжандыктар катышкан иш - чарада геноциддин курмандыктары эскерилди.
Хожалы шаарында 613 кишинин кыргындалышынын 30 - жылында Швециянын борбор шаары Стокгольмда да эскерүү иш - чарасы өткөрүлдү.
Азербайжандын Стокгольмдогу элчилиги тарабынан Gallery Peppa Art Centerде уюштурулган иш - чарада 2021 - жылдын ноябрь айында Карабахта швед фотографы Микаэль Силкеберг тартып алган армян кыргынында жабыркаган тарыхый имараттардын фотографиялары көргөзмөгө коюлду.
Хожалы шаарында армяндар тарабынан өлтүрүлгөн Азербайжан жарандары Бельгиянын борбор шаары Брюсселде да эскерилди. Эркиндик эстелигинин алдында өткөрүлгөн аземге Азербайжандын Брюсселдеги элчиси Вагиф Садыгов да катышты.
Армян күчтөрү тарабынан 1992 - жылдын 26 - февралында Хожалыда жасалган кыргында 613 Азербайжан жараны каза болгон. Алардын ичинде 106 аялдар, 70 кары – картаңдар жана 63 бала болгон.