Казак парламентинин төрагасы кызматтан кетти

Ерлан Кошанов парламенттин жаңы төрагасы болду.

1771399
Казак парламентинин төрагасы кызматтан кетти

Казакстан Парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулиндин кызматтан кеткени билдирилди.

Мажилистин пленардык жыйынында, парламенттин төрагасы Нигматулиндин отставкасынан кийин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлык бекитилди.

Ага ылайык, 10 жылдан бери Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы болуп келген Мажлистин спикери Нигматулиндин төрагалык кызматы менен депутаттыгы да токтотулду.

Нигматулин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, туңгуч президент Нурсултан Назарбаевге жана президент Касым- Жомарт Токаевге көрсөткөн колдоосу үчүн ырахмат айтып: «Өзгөчө парламентте алардын кызыкчылыгын коргойбуз деп ишенген шайлоочуларыбызга жана албетте ушул үч мөөнөттө чогуу иштешкен депутаттарга ыраазычылык билдиргим келет»,- деди.

Депутаттардын бир добуштан кабыл алуусу менен Ерлан Кошанов парламенттин жаңы төрагасы болду. Кошанов акыркы убакта Казакстан Президенттигинин администрация башчысы болуп иштеп жаткан.



Тектеш кабарлар