Назарбаевдин "өмүр бою төрагалык кылуу " укуктары жокко чыгарылды

Назарбаевдин саясий ыйгарым укуктарын камтыган мыйзам долбооруна айрым түзөтүүлөр кабыл алынды.

1769249
Назарбаевдин "өмүр бою төрагалык кылуу " укуктары жокко чыгарылды

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңеши менен Казакстан Эли Ассамблеясында өмүр бою төрагалык кылуусу жокко чыгарылды.

Парламенттин жогорку палатасы Сенат жума сайын өтүүчү жалпы жыйында өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясий ыйгарым укуктарын камтыган мыйзам долбооруна айрым түзөтүүлөрдү кабыл алды.

Ага ылайык, Назарбаевдин Казакстандын Коопсуздук кеңеши, Казакстан элинин ассамблеясы сыяктуу мекемелерди өмүр бою жетектөө ыйгарым укуктары жоюлду.

Мыйзам долбоорун сенаторлор бир добуштан кабыл алышты.

Жогоруда айтылган мыйзам долбоору эл өкүлдөрү тарабынан бир жума мурун жактырылып, Сенаттын кароосуна киргизилген.

Казакстанды 30 жылга жакын башкаргандан кийин 2019-жылы президенттиктен кеткен Назарбаев Казакстан Коопсуздук Кеңешинин, Казакстан Элинин Ассамблеясынын жана Нур-Отан партиясынын төрагалык кызматын улантып жаткан.

Назарбаев быйыл жыл башында өлкөдө болгон окуялардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар