Токаев Алматыда иликтөөлөрдү жүргүздү

Президенттин сайты Акорданын маалыматына караганда, Токаев бүгүн Алматыдагы ыкчам штабда жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушту.

1761623
Токаев Алматыда иликтөөлөрдү жүргүздү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү окуялардан эң көп жабыр тарткан шаар Алматыга барды.

Президенттин сайты Акорданын маалыматына караганда, Токаев бүгүн Алматыдагы ыкчам штабда жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушту.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Токаев, өлкөсүнүн эң ири шаарында болгон теракттын кесепеттерин өз көзү менен көрүү үчүн Алматыга келгенин айтты.

Токаев өкмөткө шаардагы бардык мекемелердин инфраструктуралык объектилерин, анын ичинде өкмөттүк имараттарды тез арада оңдоону тапшырганын билдирди.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкөсүндөгү абалды турукташтырууда абдан маанилүү роль ойногонуна токтолгон Токаев:«ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн уюшкан түрдө чыгаруу эртең башталат. Мен тиешелүү мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөштүм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушул аз күндөрдө аткарылган иштер үчүн бөлүктүн командирине ыраазычылык билдиргим келет. Албетте, мунун террористтердин жана бандиттердин агрессиясынын мизин майтаруу үчүн психологиялык зор мааниге ээ болчу. Муну ийгиликтүү миссия катары кароого болот»,- деди.

Президент Токаев андан соң Алматыдагы окуяларда шейит болгон күч кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү менен жолугушту.

Суюлтулган мунай газынын баасынын жогорулашы жана социалдык-экономикалык абал начарлады деген негизде 2-январда башталган нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү да болгон ондогон адам каза болду.

Казакстандын президенти Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, нааразылык акциялары үчүн өкмөттү айыптады.

Нааразылык акциялары жайылгандыктан өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.

ЖККУнун Тынчтык корпусу өлкөгө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен барган.

ЖККУга Орусия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.



Тектеш кабарлар