Армениянын кол салуусунан бир Азербайжан аскери шейит болду

Армян аскерлери чек аранын Келбежер аймагындагы азербайжандык позицияларга ок атышты.

1744960
Армениянын кол салуусунан бир Азербайжан аскери шейит болду

Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн огунан азербайжандык бир аскердин шейит болгону кабарланды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, армян аскерлери чек аранын Келбежер аймагындагы азербайжандык позицияларга ок атышты. Түнкү кол салууда бир азербайжан аскери каза болду.

Азербайжан армиясынын кийлигишүүсү менен Армениянын кол салуусу токтотулду.

Министрлик, чыңалуунун бардык жоопкерчилигинин Армениянын аскерлеринде жана саясатчыларында экенин билдирди.



Тектеш кабарлар