Өзбекстандын экономикасы өстү

2021-жылдын январь-октябрь айларындагы өлкөнүн экономикасынын өсүү көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1736995
Өзбекстандын экономикасы өстү

Өзбекстандын экономикасы жылдын январь-октябрь мезгилинде 6,9 пайызга өстү.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети 2021-жылдын январь-октябрь айларындагы өлкөнүн экономикасынын өсүү көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) жылдын он айында 6,9 пайызга жогорулады.

Бул мезгилде кызмат көрсөтүү тармагы 19,4 пайызга, чекене соода 10,5 пайызга, өнөр жай тармагы 9,5 пайызга, тышкы сооданын көлөмү 8,5 пайызга жана курулуш тармагы 5,1 пайызга өстү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясына чейин 5-6 пайызды түзгөн Өзбекстандын экономикасынын жылдык орточо өсүшү, пандемиядан улам 2020-жылы 1,6 пайызды түздү.



Тектеш кабарлар