Садыр Жапаров Түркияны дүйнөнүн күчтүү өлкөлөрүнүн арасында көрсөттү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияны дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрүнүн арасында көрсөтүп, дагы жакын карым  - катнашта болууну максат кылгандарын билдирди.

1699757
Садыр Жапаров Түркияны дүйнөнүн күчтүү өлкөлөрүнүн арасында көрсөттү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияны дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрүнүн арасында көрсөтүп, дагы жакын карым  - катнашта болууну максат кылгандарын билдирди.

Прзиденттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда Жапаров 31  - август эгемендүүлүк майрамынан улам өлкөдө аккредитацияланган элчилерди жана эл аралык мекемелердин өкүлдөрү менен борбор шаар Бишкекте жолугушту.

Бул жылдын башында президенттик кызматка келген күндөн бери  Москва, Ташкент, Нур Султан, Анкара, Ашкабат жана Душанбеге расмий сапар менен баргандыгын эске салган Жапаров : «Баарыдан мурда Орто Азия аймагында коңшуларыбыз менен жана дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрү болгон Россия, Кытай, Түркия менен бирге Индия жана Венгрия менен карым  - катнаштарды өнүктүрүүнү максат кылуудабыз»,- деди.

Жапаров Ковид  - 19  эпидемиясы менен күрөшүүдө жана өлкөнүн өнүгүшүндө жардам берген  бардык союздаш өлкөлөргө, өнөктөштөргө жана эл аралык мекемелерге ыракмат айтып, кыргыз республикасынын мамлекеттик органдары менен бирдикте дипломаттарга жардам берүүгө даяр экендерин белгиледи.

Советтер союзунун таркашы менен 1991 -    жылы 31 -  августта көз карандысыздыгын жарыялаган Кыргызстан эгемендүүлүк майрамын борбор шаар Бишкектеги Ала  -  Тоо аянтында эртең аскердик парад менен белгилейт.



Тектеш кабарлар