Армения Азербайжан позицияларына ок атты
Азербайжан аскерлеринде жоготуунун болбогондугу, Армения тарабына жооп кайтарылгандыгы билдирилди.
1683475
Армения армиясына караштуу бөлүктөр Нахчиван автономиялуу республикасындагы Азербайжан позицияларына ок атты.
Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армениянын Веди облусунун Азердейен айылына жакын жердеги позицияларынан Нахчивандын Седерек облусунун Хайдарабат отурукташуу пунктундагы Азербайжан позицияларына жергиликтүү убакыт боюнча саат 03: 45 чамаларында ок аткандыгы билдирилди.
Маалыматта Азербайжан аскерлеринде жоготуунун болбогондугу, Армения тарабына жооп кайтарылгандыгы билдирилди.