Кыргызстанда сел жүрдү
Селден улам 6 адамдын каза болуп, 2 адам дайынсыз жоголду.
1674528
Кыргызстанда катуу жамгыр жаашы менен сел жүрүп 6 адам каза болду.
Кыргызстандын чукул абалдар министрлиги Жалал - Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жаңы – Жол жана Таштак айылдарында селден улам көп сандаган үйдү суу каптагандыгын, селден улам 6 адамдын каза болгондугун, 2 кишинин да дайынсыз жоголгондугун билдирди.
Дайынсыз жоголгондордун бирөөсүнүн 5 жаштагы эркек бала экендиги жана бирөөсүнүн болсо 3 жаштардагы кыз бала экендиги билдирилди.
Сел жүргөн аймакта издөө – куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.