Казакстанда Ковид-19 жуктурган учурлар рекорддук деңгээлге чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Ковид-19 акыркы сутка ичинде 3 миң 3 кишиден табылган.

1669451
Казакстанда Ковид-19 жуктурган учурлар рекорддук деңгээлге чыкты

Акыркы 24 саатта Казакстанда 3 миң 3 адамда байкалган коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен, эпидемия башталгандан бери эң көп күндүк оору катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Ковид-19 акыркы сутка ичинде 3 миң 3 кишиден табылган. Ошентип, өлкөдө эпидемия башталгандан бери эң көп катталган күндүк учурлар менен бирге жуктургандардын саны 433 миң 931ге жетти.

Ковид-19 эпидемиясында каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 26га көбөйүп, жалпысынан 4444гө жетти.

21-июнда өлкөнүн борборунда (Нур Султан) Ковид-19дун дельта варианты биринчи жолу табылып, карантин чаралары күчөтүлдү.

Айрыкча тейлөө чөйрөсүндө кызматкерлердин эмдөөсүз иштөө убактысы чектелди. Ден-соолугуна байланыштуу эмдөөдөн баш тарткан жогоруда аталган сектордун кызматкерлери ар бир 7 күн сайын терс ПЦР анализин тапшырып турушу керек болчу.

Ошондой эле шаардагы соода борборлорунун, кафе жана ресторандардын иш убактысына чектөө киргизилди.



Тектеш кабарлар