Казакстанда 724 киши кардан куткарылды

Өлкөнүн 13 аймагында бороон эскертүүсү берилди.

1607540
Казакстанда 724 киши кардан куткарылды

Казакстанда катаал аба шарттары улантылууда.

Казакстан чукул абалдар башкармалыгы акыркы 24 саатта 724 жарандын кардан куткарылгандыгын билдирди. Куткарылган жарандардын 111ри балдар экендиги маалымдалды.

Борбор шаар Нур  - Султанда күндүн ичинде 74 авто жол кырсыгы болду. Кырсыктарда каза болгондор болгон жок.

Нурсултан Назарбаев аэропортунда айрым каттамдар токтотулду. Нур – Султан, Акмола жана Караганда аймактарында 608 экскаватор менен эвакуациялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Суук аба ырайынан улам Чыгыш Казакстан, Караганда, Павлодар аймактарында бардык унаалардын жолго чыгуусуна чектөө киргизилди.  

Өлкөнүн 13 аймагында бороон эскертүүсү берилди.



Тектеш кабарлар