Алиев: «Минск тобу жаңжалды чечүүдө эч кандай роль ойногон жок»

Бул тууралуу Алиев ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагаларын, француз Стефан Висконти, америкалык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Андрей Каспржикти кабыл алуусунда билдирди.

1544537
Алиев: «Минск тобу жаңжалды чечүүдө эч кандай роль ойногон жок»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобу Тоолуу Карабах жаңжалын чечүүдө эч кандай роль ойногон жок деп билдирди.

Алиев ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагаларын, француз Стефан Висконти, америкалык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Андрей Каспржикти кабыл алls. Алар Бакуга сүйлөшүү үчүн барган.

Аймакта кырдаал өзгөргөнүн белгилеген Алиев, Азербайжан 30 жылга жакын убакыттан бери уланып келе жаткан Тоолуу Карабах көйгөйүн күч жана саясий жолдор менен чечкенин айтты.

Алиев ошондой эле ЕККУнун чечүү процессин жүргүзүп жаткан Минск тобунун ишмердүүлүгүн, «Тилекке каршы, жаңжалды жөнгө салууда Минск тобу эч кандай роль ойногон жок, бирок Минск тобу 28 жылдан бери мындай ыйгарым укукка ээ болгон. Мен акыркы 17 жылдан бери сүйлөшүүлөрдө жүрөм. Минск тобу идеяларды жаратуу үчүн бир нече иш-чараларды жүргүзгөнү менен, натыйжа берген жок. Бул чындык»,-деп айтты.

Азербайжандын бул көйгөйдү өзү чечкендигин айткан Алиев, Арменияны согуш талаасында жеңгендигин жана аларды багынып берүү жөнүндөгү декларацияга кол коюуга мажбур кылгандыгын айтты.

Алиев аймакта жашаган армян калкы менен эч кандай көйгөйү жок экендигин жана Азербайжандын башкаруусунда дагы жакшы жашай тургандарын билдирди.

Армениянын мурунку президенттери Серж Саркисян жана Роберт Кочарянды «согуш кылмышкери» деп баалаган Алиев: «Биз чындыгында Саркисян менен Кочарянды жеңдик. Алар бардык жоопкерчиликти Пашинянга жүктөгүсү келет. Мен буга чейин деле айткан элем. Пашинян деген ким? Ал бийликке Саркисян менен Кочарян режимине каршы толкундоолор менен келген адам. Бул кишинин билими же тажрыйбасы жетишпейт. Ал эл аралык мамилелер жана өлкөнүн башкарылышы жөнүндө эч кандай түшүнүккө ээ эмес. Өмүрүндө эч качан администратор болбогон адам. Андыктан аны жалгыз күнөөлөөгө болбойт. Чындыгында ал бизге каршы чагымчылдыкка алдырып, жол берилгис иштерди жасады жана бул үчүн жазасын алганы туура, бирок биз Саркисян менен Кочаряндын армиясын талкаладык»,- деди.

Армян армиясынын Саркисян менен Кочарян тарабынан 30 жыл бою түзүлгөндүгүн эске салган Алиев, Азербайжанга каршы жасалган бардык согуш кылмыштары документтештирилгенин жана бир кездерде оккупацияланган шаарларда армяндар тарабынан жок кылынган жайларга байланыштуу мыйзамдуу процесстин башталгандыгын айтты.

Орус тынчтык күчтөрү аймакта иштей баштаганын жана кырдаал турукташканын белгилеген Алиев: «Бирок кечээ армян согушкерлери же « армян армиясынын калдыктары» кээ бир террордук актыларды кылышты. Бул албетте, кооптондурган маселе. Менимче, Армения эч качан кайра баштоого дилгир болбошу керек. Армян фашизми кайрадан козголо баштай турган болсо, биз темир муштум менен башын жанчый турганыбызды билдирдим. Ошондуктан, алар кандайдыр бир аскерий иш-чараларды пландаштырбоо үчүн өтө этият болушу керек. Бул жолу биз аларды толугу менен жок кылабыз. Бул эч кимге сыр бойдон калбашы керек. Андай болбойт деп ишенем»,-деп айтты.

Алиев курулушу пландалган Түркия-Россия байкоо борбору жөнүндө төмөнкүдөй маалымат берди: «Көзөмөл борбору  Агдам провинциясынын борборунда түзүлүп жатат. Түркия-Россия Көзөмөл борбору ок атышпоо келишиминин аткарылышын текшеришет. Менимче, бул регионалдык кызматташтыктын эң сонун көрүнүшү. Бул Россия менен Түркиянын ортосундагы эң керектүү кызматташтыктын символу. Азыр ал чындыкка айланды».



Тектеш кабарлар