Алиев: «Түркия менен Россия ок атышпоонун сакталышында маанилүү роль ойноодо»

Илхам Алиев, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Ковид-19 саммитине видеоконференция аркылуу катышты.

1539529
Алиев: «Түркия менен Россия ок атышпоонун сакталышында маанилүү роль ойноодо»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо режими бир айдан бери сакталып келгенин белгилеп: «Түркия менен Россия, биргелешкен көзөмөлдөө борбору аркылуу маанилүү роль ойноодо», - деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын Ковид-19 саммитине видеоконференция аркылуу катышкан Илхам Алиев, БУУнун баш катчысынын коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде глобалдык ок ​​атышпоо чакырыгын Азербайжан катары колдогондорун, бирок бул чакырык Азербайжандын аймагын 30 жылдан бери басып алган Армения тарабынан этибарга алынбагандыгын билдирди.

Ереван администрациясы акыркы 2 жылда сүйлөшүү процессин атайылап үзгүлтүккө учураткандыгын баса белгилеген Алиев, Армения 27-сентябрда Азербайжанга каршы ар тараптуу аскерий чагымчылдык кылганын айтты.

Армения армиясынын 44 күндүн ичинде Азербайжандын калктуу конуштарына артиллериялык жана ракеталык кол салууларды жасагандыгын эске салган Алиев, 11и жаш балдар болгон 94 жайкын тургундун каза болгонун жана 400дөн ашуун жаран жаракат алгандыгын белгиледи.

Алиев Азербайжан армиясы баштаган каршы чабуулда оккупацияланган аймактардын бир бөлүгүн бошотконун, экинчи бөлүгү да Армения кол коюуга аргасыз болгон ок атышпоо декларациясына ылайык Азербайжанга кайтарылгандыгын эске салып: «Болжол менен бир айдан бери ок атышпоо келишими сакталып келе жатат. Түркия менен Россия биргелешкен көзөмөлдөө борбору аркылуу ок атышпоонун сакталышында маанилүү роль ойноодо. Ушундайча Тоолуу Карабахтагы маселе аскердик жана саясий жолдор менен чечилди»,- деди.



Тектеш кабарлар