Азербайжан армиясы Лачин шаарынын борборуна желек орнотту

Армян армиясы 20-ноябрда Агдамдан, 25-ноябрда Келбежерден, кечээ болсо Лачинден чыгып кетти.

1537476
Азербайжан армиясы Лачин шаарынын борборуна желек орнотту

Армениянын 1992-жылы басып алган Лачин провинциясына 28 жылдан кийин кирген Азербайжан аскерлери шаардын борборуна желек орнотушту.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бөлүшкөн кадрларда шаарга кирген аскерлердин командири, Лачинде желек илинген имараттын алдында президент Илхам Алиевге кайрылып: «Урматтуу баш командир, Азербайжандын желеги Лачин шаарында желбиреп турат. Жашасын Азербайжан. Жашасын Башкы командачы. Карабах Азербайжандыкы»,- деди.

Азербайжан армиясы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаар борбору, 4 шаар жана 286 айыл бошотулгандан кийин, Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупацияланган Агдам, Лачин жана Келбежер провинцияларын эвакуациялоону убада кылган келишимге кол койгон.

Армян армиясы 20-ноябрда Агдамдан, 25-ноябрда Келбежерден, кечээ болсо Лачинден чыгып кетти.



Тектеш кабарлар