Армениянын кол салууларынан жабыркагандар
Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсү.
1522404
Армениянын Азербайжандын калктуу конуштарына артиллерия жана ракеталар менен кол салуусунан каза тапкан адамдардын саны 92ге жетти.
Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, 28-октябрда Армения тарабынан Берде шаарына жасалган ракеталык чабуулда жаракат алган бир жарандын дарыланып жаткан ооруканада көз жумганы маалымдалды.
Бул өлүм менен бирге 27-сентябрдан 5-ноябрга чейин Азербайжандын 92 жаранынын каза болгону кабарланган билдирүүдө, 404 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө Армениянын кол салуулары учурунда 2 миң 971 үй, 100 батир жана 502 коомдук имарат жараксыз абалга келгени маалымдалды.