Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Кыргызстанга чакыруу салды

Биримдиктин интернет  сайтында жарыяланган билдирүүдө Карадаги Кыргызстандагы оор кырдаалдан тынчсыздангандыгын билдирген.

1506585
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги  Кыргызстанга чакыруу салды

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдары Биримдиги Кыргызстандагы саясий кризисти чечүү үчүн өлкөнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана туруктуулугун коргоо үчүн бардык тараптар менен олуттуу диалог жүргүзүүгө чакырды.

Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдигинин башкы катчысы Али Мухйиддин аль - Карадаги Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын нааразычылык акциялары менен башталган саясий кризисти чечүү үчүн өлкөнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана туруктуулугун коргоо үчүн бардык тараптарды олуттуу диалогго чакырды.

Биримдиктин интернет  сайтында жарыяланган билдирүүдө Карадаги Кыргызстандагы оор кырдаалдан тынчсыздангандыгын билдирген.

Карадаги Кыргызстандын көз карандысыздыгын, суверендүүлүгүн жана туруктуулугун сактап калуучу жана ач көз адамдардын кийлигишүүсүнө жол бербеген адилеттүү чечимге жетишүү үчүн шашылыш, олуттуу жана натыйжалуу диалогго чакырды.

Кыргызстан калкын, өкмөтүн жана оппозицияны өлкөдөгү митингдерди тынчтык жолу менен улантууга жана күч колдонбоого чакырган Карадаги өзөчө кан төгүүгө жол бербөө, адамдардын ар  - намысын коргоо, мамлекеттик жана жеке менчикке зыян келтирбөөгө чакырды.

Карадаги маселелердин чечилишин мадний диалог менен издөө керектигин баса белгилеп, антпесе кризистин күч аларын жана бул абалдын ач көздөрдүн өлкөгө кийлигишүүсүнө жол ачары, ошондуктан чыр  - чатактын күч ачары жана андан кутулуунун кыйын болору боюнча эскертти.

Кыргызстанда 4 -  октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын таныбаган оппозиция партияларынын тарапташтары президентиик жана парламенттик имаратты басып алган.



Тектеш кабарлар