Калын: «Түркия Азербайжанды колдоосун улантат»

Ибрахим Калын, Түркия менен Азербайжандын мамилелерине баа берди.

1473422
Калын: «Түркия Азербайжанды колдоосун улантат»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркия менен Азербайжандын биринчи тандоосу Тоолуу Карабах маселесинин тынчтыкчыл жол менен чечилиши экендигин белгиледи.

Ибрахим Калын, Азербайжандын Мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө (Aztv) видеоконференция ыкмасы менен катышкан программада Түркия менен Азербайжандын мамилелерине баа берди.

Калын, Түркия жана Азербайжан жакшы күндөр менен жаман күндөрдө ар дайым бири-биринин жанында экендигин баса белгилеп, «Азербайжан, акыркы 30 жылдын ичинде оор мезгилде жашады. Хожалы кыргыны болду, армяндардын кол салуусуна кабылды, территориясы басып алынды. Ушул оор мезгилдерде Түркия ар дайым Азербайжанды колдоду. Биз Азербайжан элинин бул кыйынчылыктарды өз күчү менен жеңе тургандай эрки бар экенин билебиз. Түркия, бүгүнкү күнгө дейре болгону сыяктуу мындан кийин дагы Азербайжанды колдоосун улантат. Ар кандай душмандарга каршы биримдигибиз, ар кандай досторубузга карата биргелешкен кадамдарыбыз улана берет»,-деди.

Тоолуу Карабах маселесин чечүүгө карай процессти жүргүзгөн жана теңтөрагалары Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Россия жана Франция болгон ЕККУнун Минск тобунун каалаган натыйжаны бербегенин айткан Калын, Карабахтын армян баскынчылыгынан бошотулушуна өбөлгө болгон жок деп белгиледи.

Түркиянын кагылышууларда керектүү бардык эскертүүлөрдү кылганын эске салган Калын: «Биз Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн чегинде маселени тынчтык жолу менен чечүүнү колдоп келдик жана мындан ары да аны колдой беребиз. Бул адилетсиз оккупацияны мүмкүн болушунча эртерээк токтотуу Азербайжан үчүн гана эмес, Кавказда тынчтык жана туруктуулук орнотуу үчүн да чоң мааниге ээ. Армения бул темаларда мамлекеттик акыл, акыл-эс менен иш алып барса бул басып алууну дароо токтотот. Аймактагы башка өлкөлөр менен мамилелерди нормалдаштыруу жолуна барат. Түркия жана Азербайжан карманган өнүгүүнүн ушул чоң тенденциясына ал дагы ээ болот»,-деп билдирди.

Калын, Түркия жана Азербайжан ишке ашырган биргелешкен аскердик машыгууларга да токтолуп, мындай деди: «Бул машыгуулар үчүнчү бир өлкөнү бутага алган машыгуулар эмес. Бул эки өлкөнүн аскердик жөндөмүн жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган, жалпы стратегиялык максаттардын чегинде өткөрүлгөн машыгуулар. Акыркы мезгилдеги Армениянын агрессивдүү мамилелерине каршы Азербайжандын чара көрүүсү анын эң табигый,эл аралык эрежеден келип чыккан укугу болуп саналат. Түркия Азербайжанды ар бир платформада колдойт».

Түркиянын Армения менен чек арасын ачып ачпай турганы жөнүндөгү суроого болсо, Калын: «Түркиянын бул маселеге карата позициясы өтө ачык. Азербайжан кабыл албаган, бекитпеген эч кандай планды, келишимди биз кабыл албайбыз. Биз Азербайжанга карама-каршы келүүчү сүйлөшүү процессинде эмеспиз, антпейбиз. Бирок Азербайжан макулдугун берсе, Армения менен нормалдашуу жолуна түшө алабыз. Бул тынчтык атмосферасын орнотуу менен гана мүмкүн болот. Бул үчүн Тоолуу Карабахтын оккупациясы токтотулушу керек»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар