Өзбекстанда суу сактагычтын дамбасы кулап көптөгөн үй суу астында калды
Суу сактагычка жакын жашаган 70 000 киши аймактан эвакуацияланганды.
Өзбекстанда катуу жааган жамгырдын таасиринен Сырдарыя облусунда суу саткагычтын дамбасы кулап жүздөгөн үй суу астында калды.
Чукул абалдар министрлигинин катчысы Мурад Садыков катуу жааган жамгырдан Сардоба суу сактагычынын дамбасы кулап, жогорку көлөмдөгү суунун суу сактагычтан чыккандыгын билдирди.
Садыков аймактагы эгин айдалган талаалар менен кээ бир отурукташуу жерлеринин суу астында калгандыгын, суу сактагычка жакын жашаган 70 000 кишинин аймактан эвакуациялангандыгын билдирди.
Куткаруу топторунун ишин улантып жатканын айткан Садыков суу сактагыч суусунун башка дарыяларга бурулушу менен суу агымынын токтотулгандыгын маалымдады.
Президенттиктин басма сөз кеңсесинен берилген маалыматта да президент Шавкат Мирзиеевдин апааттан кийин аймакка баргандыгы билдирилди.
Суу сактагычта иликтөө жүргүзгөн жана жапа чеккендер менен жолугушкан Мирзиеев эвакуациялангандар үчүн керектүү бардык шарттардын түзүлөрүн айтты. Мирзиеев : «Бардык күчтү жана каражаттарды колдонобуз. Шарттар жакшырганга чейин мен жана башка башкаруучулар эч жакка барбайт»,- деди.
2017 - жылы курулушу аяктаган Сардоба суу сактагычы 922 миллион метр куб суу көлөмүнө ээ. Сырдарыя жана Жиззах облустарындагы дыйканчылык аянттарын суугарууда колдонулууда.