Экспорттук продукцияларды ташыган поезд Каспийге бет алды

940 метрдик поездде 82 контейнер бар.

1406868
Экспорттук продукцияларды ташыган поезд Каспийге бет алды

Түркиядан Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга барган экспорттук продукциялар жүктөлгөн 940 метрдик поезддеги 82 контейнер Бакунун Алат портунан Каспий деңизине бет алды.

Карс шаарынан 18-апрелде жолго чыккан ири поезддин жүгү Азербайжандын баш калаасы Бакудан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Алат кыштагындагы Баку Эл аралык деңиз соода портуна түшүрүлдү.

Контейнерлерден 20сы Азербайжанга калса, 24ү Казакстанга таандык «Түркстан» жүк ташуучу кемесине жүктөлүп Актау портуна сапар тартты.

Контейнерлерден 30у Түркмөнстандын Түркмөнбашы, 8и болсо Казакстандын Курык портуна жөнөтүлөт.

Баку-Тбилиси-Карс темир жолундагы эң узун поезд менен ар түрдүү товарлар ташылууда.

 



Тектеш кабарлар