Кыргызстандын жарандарынын Түркиядан кайтып баруусу ишке ашты

Кыргызстан жарандарынын Түркиядан кайтуусу тууралуу

1400839
Кыргызстандын жарандарынын Түркиядан кайтып баруусу ишке ашты

Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы кезексиз Саммитинин жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун бардык өлкөлөрүнө тараптардын аймактарында коронавирус пандемиясы жана туруктуу аба каттамдардын убактылуу токтотулганына байланыштуу өз өлкөлөрүнө кайтып кете албай калган жарандарды өз ара колдоо маселеси боюнча кайрылган.

Тараптардын өкмөттүк түзүмдөрү, Элчилик, Стамбулдагы Башкы консулдук жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Кыргызстандын 211 жаранын кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик рейс ишке ашырылды. Аталган рейс менен жарандардын кайрылуулары боюнча Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык, Анкара жана Стамбул шаарларында дарылануу, иштөө, окуу жана башка максаттар менен келген жарандар кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяктарынан бери Түркиянын 30 ири шаарларынын арасында унаа жол каттамдары токтотулган, жергиликтүү бийлик органдарынын уруксатынын негизинде шашылыш учурларда гана жүрүүгө жол берилген. Жергиликтүү бийлик органдарынан Түркиянын шаарларынын ортосунда жүрүүгө уруксат алуу үчүн убакыт чектелүү болгондуктан Стамбул жана Анкара шаарларында жайгашкан Кыргызстандын жарандарын гана жөнөтүү боюнча биргелешкен чечим кабыл алынды. Түрк бийликтеринин жардамы Анкарада жашаган 52 жаранга уруксат алынып, алардын каттоосу бир нече саатка созулган. Андан кийин, Элчилик тарабынан уюштурулган эки автобус менен жарандар Стамбулга жөнөтүлдү.

Элчилик жана Башкы консулдук Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Бул үчүн Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдуктун kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук даректерине төмөнкү маалыматты жиберүү керек: аты-жөнүңүздү, паспортуңуздун копиясын, жашаган жериңизди, байланыш маалыматыңызды жана Кыргызстанга кетүү себептериңизди.

Белгилей кетүү керек, бул тууралуу, кандайдыр бир коомдук бирикмелерге жана уюмдарга эмес, Элчиликке жана Башкы консулдукка расмий кайрылуу керек. Биздин Өкмөт жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу керектүү маалыматтар дайыма Элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылууда.

Ошол эле учурда, Элчилик Түркияда калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кыргызстандын жарандарына олуттуу зарылчылыгы болбосо коронавирустук инфекциянын жана оорунун жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн убактылуу жашап жаткан жеринде калуусун сунуштайт жана ошондой эле Түркия Республикасынын коронавирустун жайылышынан калкты коргоо үчүн кабыл алган иш-чаралары боюнча бардык талаптарын аткарууга жана бардык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар