Өзбекстан менен Ирандын ортосунда 3 жылдан кийин учак каттамы аткарылды
Тегеран - Ташкент каттамдары жумада бир жолу дүйшөмбү күнү аткарылат.
Өзбекстан менен Ирандын ортосундагы учак каттамдары 3 жылдан кийин кайрадан башталды.
Өзбекстан транспорт министрлигинен берилген маалыматка караганда Ирандын Загрос Airlines аба жолу бүгүн Тегеран - Ташкент каттамын аткарды.
Ташкент аэропортунда 3 жылдан кийин кайрадан аткарылган каттамдын жүргүнчүлөрү өзбек мекемелери тарабынан азем менен тосуп алынды.
Тегеран - Ташкент каттамдары жумада бир жолу дүйшөмбү күнү аткарылат. Бул учак каттамдары андан кийин жумада экиге чыгарылат.
Берилген маалыматта : «Өзбекстан менен Ирандын ортосундагы учак каттамдарынын кайрадан башталышы эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономикалык, маданий - адамзаттык жана туризм тармактарындагы кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө салым кошот»,- деп билдирилди.
Өзбекстан жарандык авиация мекемеси өткөн айда Загрос Airlines аба жолуна Тегеран - Ташкент каттамдарын ишке ашыруу үчн уруксат берген. Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы аба каттамдары 2016 – жылы токтотулган болчу.