Анкаранын борборунда “Ч.Айтматов” атындагы паркын ачуу макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1286660
Анкаранын борборунда “Ч.Айтматов” атындагы паркын ачуу макулдашылды

2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар Бишкек-Анкара шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштардын ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү тууралуу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда Анкаранын борборунда улуу жазуучу “Ч.Айтматов” атындагы паркын ачуу жана элесине арналган эстелик тургузуу макулдашылды.

Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү үчүн, Элчи К.Өмүралиев Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу максатка ылайыктуулугун белгиледи жана М.Явашты Кыргызстанга чакырды.



Тектеш кабарлар