Венгрияда Түрк кеңешинин кеңсеси ишке кирди

Ачылыш программасы Будапештте өткөрүлдү.

1272665
Венгрияда Түрк кеңешинин кеңсеси ишке кирди
Turk kenesi macaristan2.jpg
Turk kenesi macaristan1.jpg

Венгриянын борбор калаасы Будапештте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) таанытуу кеңсеси ачылды.

Баш калаа Будапештте өткөрүлгөн ачылыш программасына Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Питер Шиярто, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жана Түрк кеңешинин баш катчысы Багдат Амреев катышты.

Министр Чавушоглу бул жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Бүгүнкү күн түрк тилдүү өлкөлөр жана биз үчүн сымыктандыруучу бир күн анткени бул кеңсенин ачылуусу менен Түрк кеңешинин мааниси дагы да жогорулоодо. Бул үй-бүлө чоңоюп жатат, өзгөчө бажы, соода, инфраструктура тармактарында Түрк кеңешинин ролу абдан маанилүү»,-деди.  

Түркия менен Венгриянын ортосундагы карым-катнаштардын абдан жакшы экенин белгилеген Чавушоглу, Венгриянын байыркы каада-салттарын сактоо темасында чоң роль милдеттенгенине токтолду.

Чавушоглу: «Түрк кеңеши жалгыз гана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштарды эмес, Венгрия менен болгон мамилелерди да күчтөндүрөт. Бул кеңсенин Түрк дүйнөсү менен Европа элдеринин жана мекемелеринин ортосундагы алакаларды да бекемдей турганына, эки аймакта иш алып барган ишкерлердин ортосундагы байланышты чыңдаарына ишенемин»,-деп айтты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Мамедъяров болсо, өлкөсүнүн ар дайым Чыгыш менен Батыштын кызматташтык түзүүсү үчүн аракет кылганын жана Түрк кеңешинин Будапештте кеңсесин ачуу чечими муну ырастаганын айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Айдарбеков да, бул кеңсенин Түрк кеңеши менен Венгриянын ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн пайдалуу болооруна ишенгенин белгиледи.

Казакстандын тышкы иштер министри Тлеуберди болсо Венгриянын Түрк кеңешине былтыр байкоочу мүчө болгонун, бүгүн болсо Европада Түрк кеңешинин кеңсесинин ачылганын айтты.

Түрк кеңешинин баш катчысы Амреев да сөз сүйлөөсүндө, Бадапештте ачылган кеңсенин негизинде Түрк кеңешинин дагы да өсүп-өнүгүп, күчтөнгөндүгүн жана бүгүнкү күндүн тарыхый күн болгонун айтты.

 



Тектеш кабарлар