Рум тарабын Мараш процессине кошпойбуз

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  (ТКТР) премьер- министринин орун басары жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай,Түрк агенттиги Кипрге (ТАК) маалымат берди.

1248226
Рум тарабын Мараш процессине кошпойбуз

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  (ТКТР) премьер- министринин орун басары жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, Рум тарабын Мараш процессине кошууга карай эч кандай аракеттерди жасабай тургандыгын билдирди.

Өзерсай, Түрк агенттиги Кипрге (ТАК) билдиргендей Рум массалык маалымат каражаттарында Түштүк Кипр Рум башкармалыгынын лидери Никос Анастасиадистин, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен 9-августта боло турган суйлөшүүдө,  “жабык Мараш темасын күн тартибине киргизе тургандыгын жана комиссиянын түзүлүусүн сурана тургандыгы”  туралуу жаңылыктар чыкканын эске салып, мунун ТКТРнын парламентинде колдоого алынбай тургандыгын эскертти.

Өзерсай, көп жылдардан бери Жабык болгон Мараштын “ Ишенич жаратуучу ыкма боло алабы?” деп, эки тарап ортосунда бир нече сүйлөшүлөрдүн болгондугун эскертип, Рум тарабынынын өжөрлүгүнөн кайдайдыр бир жыйынтыкка келе албай жаткандыгын билдирди.

Азыркы учурда бүдөмүккө кабылууну каалабагандыгын  билдирген  Өзерсай:

“ Азыр биз бийликтегилер жабык Марашка байланыштуу алгачкы кадамдарды таштаган учурда,  бул процесстин жүрүшүн түрдүү  жолдор менен солгундата турган Рум тарабын Мараш ишине алуубуз жөнүндө сөздүн болушу да мүмкүн эмес”,-деди.

Өзерсай, лидерлердин  9-августтагы сүйлөшүүлөрүнө ылайык эскертүүлөрдү билдирип, өкмөт катары жабык Мараштагы мүлк укутарына зыян келбегендей түрдө аракет кыла тургандыгын, бирок бул укуктардын корголушу үчүн жабык Мараштын Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлүнө алынуусунун кажети жок экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар