Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ын Казакстанда

Түштүк Корея Казакстандын өз эрки менен атомдук куралдан баш тартуусунун Корея жарым аралы үчүн маанилүү  үлгү болгондугун жарыялады.

1188115
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ын Казакстанда

Түштүк Корея Казакстандын өз эрки менен атомдук куралдан баш тартуусунун Корея жарым аралы үчүн маанилүү  үлгү болгондугун жарыялады.

Расмий сапар менен Казакстандын борбор шаары Нур Султанга барган Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ын президент Касым Жомарт Токаев тарабынан президенттик сарайда расмий азем менен кабыл алынды. Тараптар андан кийин жекеме  - жеке сүйлөшүштү.

Токаев эки тараптуу карым  - катнаштардын ар бир тармакта жаңы деңгээлге чыккандыгын белгилеп : «Соода жана экономикалык кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык комиссия иш алып барууда. Иш кеңеши иштеп жатат. Жарандарыбыз үчүн визасыз режим бар, иреттүү учак каттамдары ачылды»,- деди.

Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода көлөмүнүн өткөн жылы 4 миллиард долларга жеткендигин айткан Токаев мунун 2017 -  жылга караганда эки эсе ашыкча экендигин айтты.

Президент Токаев өлкөсүнө Кореядан келген түздөн түз чет элдик инвестиция көлөмүнүн 7 миллиард долларга жакын экенигин айтып, Түштүк Корея инвесторлорунун катышуусу менен ишке ашкан чоң долбоорлордон бирөөсүнүн да Улуу Алматы жолу экендигин баса белгиледи.

Мун Чжэ Ын да Токаев менен Корея жарым аралы жана Орто Азиядагы саясий абал менен бирге эки тараптуу карым  - катнаштарды карап чыгышкандарын эске салып, бул сүйлөшүүлөрдөн ыраазы экендигин айтты.

Түштүк Кореянын Казакстандын 2050 өнүгүү стратегиясынын ишке ашысында мыкты өнөктөш экендигин айткан Мун соода, инвестиция, өнөр жай технологиялары, саламаттыкты сактоо, медицина жана космостук тармактагы кызматташуунун өнүктүрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Мун Казакстандын Корея жарым аралындагы тынчтык процессин колдогондугун айтып : «Колдооңуздар үчүн рахмат айтам. Казакстан өз эрки менен атомдук куралдан баш тартышынан кийин экономикалык өнүгүүдө ийгиликтүү болгон өлкө жана бул Корея жарым аралы үчүн маанилүү бир үлгү болууда. Бул тууралуу биз менен тажрыйбаңыздарды бөлүшөсүздөр деп ойлойм»,- деди.



Тектеш кабарлар