Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Ошто иш-чаралар башталды

Ош шаарынын Мэриясынын кожоюндугунда өткөн фестивалда, кыргыз калкынын; бешик той, тамак бышыруу, конок тосуу, кыз узатуу-алып кетүү, кайынене жана кайнатага жүгүнүү салттары жана бир катар үрп-адаттар чагылдырылды.

1187296
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Ошто иш-чаралар башталды

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Ошто Этно-маданий фестивал уюштурулду.

Ош шаарынын Мэриясынын кожоюндугунда өткөн фестивалда, кыргыз калкынын; бешик той, тамак бышыруу, конок тосуу, кыз узатуу-алып кетүү, кайынене жана кайнатага жүгүнүү салттары жана бир катар үрп-адаттар чагылдырылды.

Фестивалдын алкагында кыргыздын боз үйүн жыйноо салты, көчмөндөрдүн жоокерлеринин кийимдери жана согуштук аспаптар көргөзмөгө коюлду.

Ош шаарында жашаган өзбектер, уйгурлар, корейлер, кытайлар, орустар да тамак-аш жана кийим-кече маданияттарын таанытышты.

Ахыска түрктөрү да добулбас сурнайдын коштоосунда халай бийин бийлешти.

Ош шаарына келген расмий конокторго сүмөлөк таттуусу сунулду.

Буга кошумча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) мүчө өлкөлөрдүн делегацияларын жана элчилерин жана бир канча өлкөлөрдөн келген конокторду кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов: «Ош шаарынын 3 миң жылдан ашуун тарыхы менен сыймыктанабыз»,-деди.

Жаманкулов, шаардын Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай өлкөлөрү менен чек аралаш экенин белгилеп, «Ушул себептен бул шаарда көп сандаган ар түрдүү калк жашайт. Түрк дүйнөсүн Ош шаарында көргөнүбүз үчүн кубанабыз. Кошкелипсиздер!»-деп айтты.

Түркиядан өкүл катары Ош шаарына барган экология жана шаар пландоо министринин орун басары Мүжахит Демирташ болсо шаарга алгач ирет келгенин, шаар менен сыймыктанганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар