Анкарадагы кыргыздар Гүлзура Жумакуновага куттуктоолорун билдиришти
Анкарада Гүлзура Жумакунова эжекебизди КРнын Данк медалын алганы боюнча мекендештердин куттуктоо иш-чарасы өттү.
1094489
Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова эжекебизди КРнын Данк медалын алганы боюнча мекендештердин куттуктоо иш-чарасы өттү.
Иш-чара Анкаранын борборундагы Ала-Тоо кафесинде болду. Ага КРнын Анкарадагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов жана жубайы Чынара эже баштаган Анкарада иштеп, окуп жүргөн бир катар мекендештер катышышты.
Анда Гүлзура эже алган сыйлыгы менен куттукталып, ар түрдүү жылуу пикирлер айтылды. Эжеге ден-соолук каалашып, баалуу эмгектерин мындан кийин дагы жарата бериши боюнча тилектер айтылды. Ошондой эле элчи Жунусовдун Анкарадагы кызмат мөөнөтү аяктап жаткандыктан мекендештер ага дагы каалоо тилектерин айтууну көз жаздымда калтырышкан жок.