Өзбекстандан Афганстанга электр экспорту

Өзбекстан жылдын акырына чейин коңшу Афганстанга электр экспортун арттырууну пландап жатат.

1011190
Өзбекстандан Афганстанга электр экспорту

Өзбекстан жылдын акырына чейин коңшу Афганстанга электр экспортун арттырууну пландап жатат.

Өзбек Энерго мамлекеттик ишканасынан берилген маалыматта Өзбекстандан өткөн жылы 200 миллион киловат саат электр экспорттоп алган Афганстанга бул жылдын акырына чейин 2 миллиард киловат саат электр өткөрүүсүнүн күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Өзбекстандын жаңы «Сурхан  - Пули Хумри» электр линиясынын курулушу менен Афганстандын Орто Азиянын орток энергетика алкагына кошулушун максат кылгандыгы белгиленген маалыматта ушундайча бул өлкөгө дагы көп өзбек электринин экспорттоло алары белгиленди.  

Маалыматта чыгымы 150 миллион доллар, узундугу 260 километр болгон Сурхан  - Пули Хумри электр линиясы менен жылдык 6 миллиард киловат саат электрдин Афганстанга өткөрүлөрү тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Октябрь айынын акырына чейин Афганстанга экспорттолгон электр көлөмүнүн арттырылышы, трансформатор жана башка электр аппараттарынын экспортуна байланыштуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Өзгөчө Тажикстандын  бул жылы биринчи жолу Өзбекстан аркылуу Афганстанга электр өткөргөндүгү, ушунун алкагында ушул кезге чейин 140 миллион киловат саат тажик электринин коңшу өлкөгө өткөрүлгөндүгү билдирилди.

Өзбекстан Афганстанга биринчи жолу 2002 -  жылы 62 миллион киловат сааттык электр өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар