ЮНЕСКОдо алгач ирет Түрк тили форуму өткөрүлдү

ЮНЕСКОдо «Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыркыдан келечекке карай түрк тили» аттуу эл аралык форум уюштурулду.

963425
ЮНЕСКОдо алгач ирет Түрк тили форуму өткөрүлдү

БУУнун билим берүү, илим жана маданият уюмунда (ЮНЕСКО) алгач ирет Түрк тили форуму өткөрүлдү.

 ЮНЕСКОдо «Руханий жаңылануу жана маданий мурас: байыркыдан келечекке карай түрк тили» аттуу эл аралык форум уюштурулду.

ЮНЕСКОнун Париждеги кеңсесинде ишке ашкан форумга 16дан ашуун өлкөдөн, 100 академик катышты. Эл аралык Түрк академиясы жана ЮНЕСКОнун чогуу уюштурган программасында Түрк тилинин келечеги жана маселелери талкууланды.

Форумдун иштөөсү Түрк дүйнөсүнүн баалуулктарын изилдөө жана таанытуу максатында 3 отурум аркылуу жүргүзүлдү.

Эл аралык иш-чарага 16 өлкөдөн илимпоз, маданият чеберлери жана саясатчылар менен дипломаттар катышты.

Муну менен катар тилдери коркунуч астындагы сары уйгур, шор, тыва,алтай, карай, кашкай, ногой сыяктуу түрк калктарынын өкүлдөрү да катышып,өз тилдеринде сөз сүйлөштү.

Түрк тилинин эң байыркы тилдерден бири экенин белгилеген Эл аралык түрк академиясынын төрагасы проф.Дархан Кыдыралы: «Жазуу түрүндөгү маданиятка ээ болгон жана дүйнөлүк адабиятына жана цивилизациясына салым кошкон кеңири аймакта сүйлөшүлгөн тил болгонуна бул жерде басым жасай кетейин, келечекте эл аралык тил катары ЮНЕСКОнун ар түрдүү тармактарында колдонула алсын»,-деди.

Кыдыралы, «Учурда биз чоң аймакта да котормочусуз эле кыдырып, түшүнүшө алабыз. Бул да биз үчүн маанилүү байлык болуп саналат»,-деди.

Кыдырали, түрк тилнин Чынгыз Айтматов сыяктуу дүйнөлүк адабиятка салым кошкон жазуучуларды жетилткенине жана бай тил болгонуна көңүл бурду.

Түрк тилинин бай тил экенине басым жасаган ЮНЕСКОнун Түркия улуттук комиссиясынын төрагасы Өжал Огуз, «Миң жыл мурда жазылган түркчө адабий чыгармалар, ичинде бай мадаият жана искусствону камтууда»,- деди.

2 күндүк форумдан кийин бир топ академик Азербайжан Демократиялык Республикасынын (1918-1920) куруучуларынан Али Мердан Топчубашынын Париждеги кабырына зыярат кылды.



Тектеш кабарлар