Нобель химия сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Манас университетинде болду

Нобель химия сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Түркиянын энергетика жактан толугу менен көз карандысыз болушунун турмуштук мааниге ээ экендигин айтты.

955951

Ядролук энергетика тууралуу чындыктар менен беттешүүсү керектигин белгилеген Санжар : «Энергетика кемчилигине сөзсүз чечүүчү жол табууга мажбурбуз»,- деди.

Азиз Санжар Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Манас университетинде студенттер менен жолугушту. Санжар тарыхта абдан чоң цивилизацияларды курган түрк дүйнөсүнүн ичинде орун алган абалды териштирүгө мажбур экендигин баса белгилеп : «Билим алып жаткан балдарыбызды колдошубуз керек»,- деди.

Азиз Санжарга Манас университетинде ардактуу докторлук берилди. Аземде сөз сүйлөгөн Манас университетинин ректору Сабахаттин Балжы ата мекенден көчүп кеткен түрктөрдүн чоң цивилизацияларды кургандыгын айтты.
 
«Бүгүн да ошол эл ийгиликке дагы көп эмгектенүү менен жетишебиз»,- деди.

Тектеш кабарлар