Алиев Путинди куттуктады

Президент Алиев куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.

932736
Алиев Путинди куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Орусиядагы президенттик шайлоону кайрадан жеңген Владимир Путинди куттуктады.

Алиев, Азербайжан Президенттигинин интернет баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө, Путиндин шайлоодогу жетишкендигинин анын саясий таасирдүүлүккө ээ экенин жана саясатын эл колдогондугун тастыктаганын белгиледи.

Азербайжан менен Орусиянын тарыхы жүздөгөн жылдарга созулган достук жана жакшы коңшулук байланыштарына негизделгенин айткан Алиев билдирүүсүндө: «Мамлекеттерибиздин ортосундагы карым-катнаштардын дагы бекем негиздер аркылуу ийгиликтүү өнүгүүсү кубандыруучу. Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы көп жактуу кызматташуунун бекемделишинде сиздин салымыңызды белгилей кетким келет. Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн дагы да күчтөндүрүлүшү үчүн чогуу жүргүзүлө турган иш-аракеттердин элдерибиздин жана өлкөлөрүбүздүн кызыкчылыктары, аймакта тынчтык, коопсуздук жана өнүгүүнүн камсыздалышына мындан кийин да салым кошооруна ишенемин. Урматтуу Владимир Владимирович, сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгилик каалаймын»,-деген сөздөрүнө орун берди.



Тектеш кабарлар