Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдиги түзүлдү

Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдигинин төрагасы Наил Челеби, Анкарада Түрк Дүйнөсүнүн журналисттери менен жолугушуу өткөрдү.

929665
Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдиги түзүлдү

Дүйнө жүзү учурда Боштондук согушунда болгону сыяктуу Түркия жана түрктөргө каршы чыгууда...Бул сөздөр Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдигинин төрагасы Наил Челебиге таандык...Наил Челеби Анкарада Түрк Дүйнөсүнүн журналисттери менен жолугушуу өткөрүп, Түркиянын террор жана террорду колдогон өлкөлөргө каршы өзү жалгыз күрөшүп жатканын белгилеп, кудум эле кресттүү жортуулга туш болгондорун айтты.

Түркиянын Африндеги «Зайтун бутагы» операциясын жүргүзүүгө абдан укуктуу болгонун баса белгилеген Челеби, Түркиянын жалгыздаштырылууга аракет кылынганына басым жасады. Челеби: «Эми Европа Биримдигине окшогон Түрк Биримдигинин түзүлүүсү шарт. Түрк Биримдиги болгондо Түркия мынчалык жалгыз болбой, таяна турган күчүбүз да болмок»,-деп айтты.

Түрк дүйнөсүнүн биримдик жана ынтымагы үчүн жарандык коомдук уюмдардын абдан маанилүү экенин түшүндүргөн Челеби: «Түрк Дүйнөсүнүн эл өкүлдөрү,журналисттери, ишкерлери, башкаруучулары, эли жана бейөкмөт уюмдары кол кармашып Түрк Дүйнөсүнүн биримдиги үчүн иштейбиз»,-деди.

Челеби ушул алкакта Түрк Дүйнөсүнүн журналисттеринин да колдоо көрсөтүүсүн суранды.

Челеби буларга токтолду: «Биздин Биримдигибиз партиялардан жогору турган биримдик болот. Дээрлик бардык партиядан мүчөбүз бар. Өзүн түрк тилдүүмүн деп сезген ар бир эл өкүлүнө каалгабыз ачык. Ошондуктан партиялык саясат жүргүзүлбөйт»,-деп айтты.

Азербайжан жана Молдовада элчилик кызматын аркалаган жана Түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошкон Хулуси Кылыч мырзанын да Түрк Дүйнөсүнүн парламентарлар биримдигинин тышкы байланыштар координаторлугуна дайындалганын жана дагы да күчтөнгөндөрүн маалымдады.



Тектеш кабарлар