Азербайжан - Армения ортосунда кагылышуу

Армян бөлүгү качып бара жатып калтырган аскердик унааны ок атуу менен жардырды.

909073
Азербайжан  - Армения ортосунда кагылышуу

Азербайжан  - Армения ок атууларды токтотуу жолунда атышуулар улантылууда. Азербайжандын коргоо министрлиги саботаж кылган аскердик бөлүктөрдүн жеңилүүгө учуратылгандыгын жарыялады. Маалыматта ок атышпоо жолунун  Казак аймагы багытындагы Армения армиясынын тумандан пайдаланып эреже бузгандыгы белгиленди. Кыймылдын байкалышы менен чыккан кагылышууда армян чалгындоо -  саботаж тобу артка чегинүүгө мажбур болду.

Армян бөлүгү качып бара жатып калтырган аскердик унааны ок атуу менен жардырды.

Азербайжандын коргоо министрлиги бул тууралуу көрүнүштөрдү басма сөз менен бөлүштү.

Армения армиясы өткөн жумада да саботаж кыймылында болуп, чыккан кагылышууда 1 армян аскери каза болуп, экөөсү да жараланган.



Тектеш кабарлар