ТКТРсы Кипрдин Рум Бөлүгүнүн башкаруучулугун эскертти

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлиги, Кипрдин Рум Бөлүгүнүн башкаруучулугун эскертти.

908060
ТКТРсы Кипрдин Рум Бөлүгүнүн башкаруучулугун эскертти

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлиги, Кипрдин Рум Бөлүгүнүн башкаруучулугунун Жер Ортолук деңиздеги бир жактуу жаратылыш газ издөө иш-аракеттери тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Жарыяда, «Бул бир жактуу кадамдар уланган сайын укуктарыбызды коргош үчүн Түркия Республикасы менен бирге тийиштүү кадамдарды таштоодон тартынбайбыз»,делди.

Анда, айрыкча Кипрдин Рум Бөлүгүнүн башкаруучулугунун, ТКТРнын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш байлыктары боюнча укуктарын четке каккан кадамдарды таштоосунун, чыңалууну күчөтүү өжөрдөнүүсүн ортого салып турганы баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар