АКШнын президенти Трамп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Нурсултан Назарбаев Түндүк Кореянын ядролук иштери тууралуу процессте АКШчалык Кытай менен Орусиянын да маанилүү актер экендигин айтты.

890284
АКШнын президенти Трамп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

АКШнын  президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушкан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түндүк Кореянын ядролук иштери тууралуу процессте АКШчалык Кытай менен Орусиянын да маанилүү актер экендигин айтты.

Ак үйдө жекеме  - жеке сүйлөшкөн эки лидер андан кийин бирдикте пресс  - жыйын өткөрүштү. Казакстандын АКШнын негизги союздаштарынан жана экономикалык өнөктөштөрүнөн экендигин айткан Трамп Түштүк – Чыгыш Азия стратегиясында Казакстандын ролун белгиледи. АКШнын Афганстанда террордук уюмдарга карата жүргүзүлгөн операциялардын негизинде Казакстандын берген колдоосунун маанилүү экендигин белгилеген Трамп  : «Террордук уюмдар ДАИШ менен Талибанга каршы аскердик бөлүктөрүбүздүн берген күрөшүнө логистикалык колдоо берген Казакстандын бул жардамын улантышында президент Назарбаевдин жеке кепилдигин ыраазычылык менен кабыл алып жатам»,- деди. Трамп АКШ менен Казакстандын ортосундагы экономикалык карым  - катнаштардын барган сайын тереңдеп бара жаткандыгын белгиледи.

Президент Назарбаев да Афганстандын ырааттуулугунун аймактын ырааттуулугу үчүн мааниге ээ экендигин, бул өлкөнүн террордук элементтерден тазаланышында Вашингтон өкмөтү менен жакындан иштешкендерин белгиледи.  Назарбаев ушул кезге чейин Афганстанга 75 миллион доллар гуманитардык жана техникалык жардам берилгендигин айтты. Назарбаев бир убактарда өздөрүнүн да ядролук  куралдарга ээ болгондугун, бирок андан ыктыярдуу түрдө баш тартышкандарын айтып : «Казакстан ядролук куралдардын артынан түшкөн өлкөлөргө бул тууралуу сөз айтуу укугуна ээ. Иранга да Түндүк Кореяга да айтабыз. Түндүк Корея тууралуу АКШ, Кытай жана Орусиянын аракеттери менен чечиле алат»,- деди.



Тектеш кабарлар