Кыргызстанда салынган ооруканага ТИКАнын салымдары

Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Түркиядан алып барылган мебель жана технологиялык материалдар менен жабдылды.

888054
Кыргызстанда салынган ооруканага ТИКАнын салымдары

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) тарабынан Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте салынып жаткан Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Түркиядан алып барылган мебель жана технологиялык материалдар менен жабдылды.

Оорукананын мебель жана технологиялык материалдар менен жабдылышы боюнча уюштурулган программага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат жана ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Али Муслу жана атуулдар катышты.

Программанын алкагында жооптуу кызматкерлер, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында иликтөө жүргүзүштү.

Саламаттык сактоо министри Батыралиев, ТИКА тарабынан салдырылган заманбап оорукананын май айында тейлөөгө киришинин пландалганын маалымдады.

Бишкектин батыш аймагында орто эсеп менен 12 миң чарчы метрдик жабык аянтта кызмат бере турган 51 орундуктуу Кыргыз-Түрк достук ооруканасында лаборатория борборлору, 2 операциялык борбор, 3 реанимация бөлүмү, ангиома жана рентген бөлүмдөрү болот.



Тектеш кабарлар