АКШ Өзбекстанга да чектөө коюшу мүмкүн

Чектөө коюлган өлкөлөрдүн тизмесине Өзбекстанды да кошуу ыктымалдуулугу сүйлөшүлүп жатат

839554
АКШ Өзбекстанга да чектөө коюшу мүмкүн

Америка Кошмо Штаттары, жарандарынын Американын жерлерине кирүүсүнө чектөө коюлган өлкөлөрдүн тизмесине Өзбекстанды да кошуу ыктымалдуулугун четке каккан жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс журналистерге берген маалыматында, өзбек жарандарынын өлкөгө киргизилип же киргизилбей турганы жөнүндө сүйлөшүлүп жатканын айтты.

Журналисттердин ушул темага байланыштуу суроосуна Сандерс: «Бул эске алынышы керек болгон нерсе жана биз муну сүйлөшүп жатабыз»,-деди.

Сандерс: «Кайсы өлкөлөрдүн бул тизмеде болушу керектиги белгиленген көп критерийлер бар. Өзбекстан учурда жарандары Американын жерлерине кирүүсүнө чектөө коюлган өлкөлөрдүн тизмесинде эмес, бирок Америка башкаруусу келечекте ушундай чечимге келиши мүмкүн»,-деп айтты.

31-октябрда өзбек улутундагы Сайфулло Сайпов, Манхэттендин түштүк-батышындагы Гудзон дарыясынын боюндагы велосипед жолунда жөө бараткан же велосипедчен адамдарды көздөй унааны айдап ок аткан болчу жана 8 кишинин каза болушуна, 12ден ашуун адамдын жаракат алышына себепчи болгон.



Тектеш кабарлар