Кыргызстандан АКШнын базасы чыгарылбаганда эмне болмок?

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында журналисттерге маалымат берди.

777293
Кыргызстандан АКШнын базасы чыгарылбаганда эмне болмок?

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкектеги Эл аралык “Манас” аэропортуна АКШнын аскердик базасынын жайгашуусунун айынан ракеталык кол салуу коркутуусунун маалыматын алгандарын айтты.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында журналисттерге маалымат берген Атамбаев, 2011-жылы Эл аралык “Манас” аэропортуна жайгашкан жана 2014-жылы чыгарылган АКШнын аскердик базасы тууралуу олуттуу маалыматтарды берди.

Атамбаев: “Орусия жана Кытайдын туруктуу жана тынчтыкчыл Кыргызстанга муктаждыгы бар. Бирок айрым өлкөлөр ар башка нерселерди каалап жүрөт. АКШнын Тышкы иштер министрлигинин демократтар мезгилинде жүргүзгөн саясатка карай эч качан жылуу сезимде эмесмин. 2014-жылы айрым өлкөлөр, эгер керек болсо АКШнын учактарын ракета менен ата тургандарын жана адамдарыбыздын зыянга учурай турганын ачык түрдө айтты”,-деди.

АКШны аймак өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишкени менен күнөөлөгөн Атамбаев, Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун суунун айынан Орто Азияда согуш болуп кетүү коркунучу бар экенин айтканы жөнүндөгү сөздөрүн эске салып, “Бул билдирүүдөн кийин дароо америкалыктар Өзбекстанга ар бири 1 миллион доллардан 328 броне унаа сатты. Мына алардын демократиясынын бедели. Алар, эки тууган калк кыргыз менен өзбекти бири-бирине кагылыштырууга аракет кылды”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар