Дача-Сууга кулаган учак тууралуу ыр...

Дача-Сууга кулаган учак тууралуу Түркияда жазылган ыр.

656247
Дача-Сууга кулаган учак тууралуу ыр...

                                   

                                    КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИН,

                                    Кыргыз эл акыны

 

БОИНГ, СЕН...

Караанын, канаттарын кашкаңдаткан

кашы экен таңдын деппиз асман каткан.

Кыйракан турбайсыңбы кан жөткүртөөр

кыямат салып түшкөн каптал жактан?!

 

Кайран эл! Кайран кыргыз – карааны улук!

Кайгыдан боо түшүүдө кабар угуп.

Боинг, сен, болдуң байкуш – талаага урбай,

боюңду ичке уруп да алага уруп!

 

-Апа-аа-а!!!– деп наристенин чаңырганы

артка не алдастатып кайырбады?!

Жүгүңдү көтөрүнгөн бойдон, Боинг,

жүлүндү издедиңби сайылганы?!

 

Уратып туш келгенди, бардык жагың,

ур-раалап жаткан сымал жалбырттадың!

Кыздарын баса калып – калканч болгон

кыйрайган энеден не айбыкпадың?!

 

Желмогуз – сен белемсиң күнүм үрккөн!

Жеп-жутуп – отко кошуп күлүн бүрккөн!

Кун ала тургандай не айып таптың

курсакта жаткан байкуш түйүлдүктөн?!

 

Байлыкты ташый берип – ордуң кемип...

бактыңды, балким, Боинг, койдуң жерип?

Ойрондоп салдың – колу жукаларга

оюнчук болгуң келип... болгуң келип...

 

Жайрады-ай ата... апасы... жардам сунаар...

жайрады-ай уулу... кызы... майрам кураар...

Күл-ойрон! Күм-жам үйлөр! Күтпөйт жазды

күзүндө шыбап бүтпөй калган дубал...

 

Кош тартып коңурукту – эңсегендей,

Гонконгдо конуп жата берсең эмне-эй?! 

Жолунан адашкандын, чаташкандын

жосуну – тепсемей да тепселенмей! 

 

Сыныктар чачырап да тарап канча!

Сыздап тур миллиондор аяп канча!

Айыпкер кыргыз болуп чыкса экен деп 

ак жаздык мычкыйт бирөө таң атканча...

 

Уу ташын улам тагдыр өкчөтпөсүн,

уул-кызын, улутун да өксөтпөсүн!

“Жайрады мендей болуп канчалар...” – деп

жанчылган, бели үзүлгөн көрсөтмөсүң –

 

Боинг, сен!!!



Тектеш кабарлар