Кипр боюнча бештик сүйлөшүү башталды

Гарантер (кепил) өлкөлөрдүн да катышуусу менен коопсуздук жана кепилдиктер сүйлөшүлө турган бештик конференциясы башталды.

650250
Кипр боюнча бештик сүйлөшүү башталды

Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн Кипр боюнча сүйлөшүүлөрүндө эң орчундуу күндө тараптар сүйлөшө баштады.

Гарантер (кепил) өлкөлөрдүн да катышуусу менен коопсуздук жана кепилдиктер сүйлөшүлө турган бештик конференциясы башталды.

Конференцияда Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылууда.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадисти жыйналыш залынын кире беришинде БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш тосуп алды.

Бетме-бет сүйлөшүүдөн кийин конференцияга өтүлдү.

Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылса, Грецияны тышкы иштер министри Никос Кодзиас, Англияны болсо тышкы иштер министри Борис Жонсон өкүлдүк кылып жатат.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ачылышта сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын сүйлөшүүлөрдү башынан бери чечкиндүүлүк менен колдоого алганын эске салды.

Учу ачык сүйлөшүү процессинин эч кимге пайдасы болбогонун белгилеген Чавушоглу, кепилдиктердин уланышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар